Биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматтарды чогултуу маселеси боюнча иш сапары менен Баткен облусунда жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда
SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан тышкары Т.Сарпашев Лейлек районундагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышмакчы. Андан соң жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрөт. Ал эми эртең ал Ош облусунда болот.