Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү боюнча келишим долбоорун өкмөт жактырды

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 22-декабрда өкмөт жыйынын өткөрүп, анда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушу боюнча келишимдин долбоору талкууланып, жактырылды. Өкмөт башчы келишим долбоорунда Кыргызстандын кызыкчылыктары корголгонун жана өлкөнүн аталган биримдикке кошулуудагы стандарттары каралганын белгиледи. 
Экономика министри Темир Сариев долбоордун пункттары боюнча кенен маалымат берди. "Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулушу боюнча олуттуу иштерди жасоого туура келди, айрыкча мыйзам долбоорлорун жана башка укуктук-нормативдик актыларды даярдоодо. Долбоор боюнча интенсивдүү сүйлөшүүлөр жүрдү",- деди Сариев.  
Жоомарт Оторбаев келишимдин долбоорун өзү баштаган бардык министрликтер менен мекемелердин жетекчилеринен түзүлгөн комиссия иштеп чыкканын кошумчалады. "Келишим долбоору боюнча бир катар кайчы пикирлер болду. Бирок алардын көбүндө бир пикирге келе алдык, улуттук кызыкчылыктарды коргойбуз",- деди премьер. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан