Бишкекте өткөн аптанын соңунда Кыргызстандагы балдар үйлөрүнөн жана мектеп-интернаттарынан чыккан жаштардын тобу интернат мекемелериндеги жаштардын абалына көңүл бурдуруу жана бул жаштар үчүн социалдаштыруу жана өнүктүрүү каражаты катарында "Белек" аттуу флешмоб өткөрүштү. Бул тууралуу 22-декабрда аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Иш-чара интернат мекемелеринде жашаган жаштардын өзүн өзү баалоосун, социалдык жөндөмдөрүн жогорулатууга, инсандыгын өнүктүрүүгө багытталган "Jasa.kg" программасынын алкагында өттү.
Жаңы жыл майрамына арналган саамалыкта катышуучулар достук, сүйүү, эркиндик, тынчтык жана кубаныч сыяктуу кереметтерди жана баалуулуктарды чагылдырган бийлерди аткарышты. Соңунда топтор чогуу бийлеп жана көрүү үчүн келгендерге кагазга жазылган каалоо-тилектери бар шарларды таратышты.