Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда соттолгон адамдарды өткөрүп берүү боюнча келишим түзүлүүдө

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда жазык иштери боюнча өз ара укуктук жактан көмөк көрсөтүү жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимдердин долбоорлору 22-декабрда ЖКнын Эл аралык иштер комитетинде каралып, биринчи окууда жактырылды.

Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованын айтымында, эки тараптуу келишимдер кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өзүнүн кыйла пайдалуу жана натыйжалуу экенин эл аралык тажрыйба көрсөтүүдө.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар Кореяда жүргөн кыргыз жарандарына укуктук жактан көмөк көсөтүү чараларын да иштеп чыгуу сунуштарын берди. Анткени акыркы кезде Кореяга никелештирүү боюнча ортомчу фирмалар аркылуу барып, көчөдө кароосуз калган кыздар көбөйүп барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан