Түштүк Кореяга турмушка чыккан кыргыз кыздарынын так саны канча экени белгисиз. Муну депутат Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 22-декабрдагы отурумунда билдирди. Депутат 3 жылдан бери Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине кайрылып, канча кыргыз кызы корей жигиттерине турмушка чыгып кеткенин сурап, жооп ала албай жатканын айтат. “Турмушка чыгып кеткендерди бул жактан узатып жаткан агенттиктерден да ала албай койдум. Маалымат булактары да кайрылып, так жообун ала албай жатышат. Төрөгөндөн кийин балдарды өздөрүнө алып калып, кыргыз кыздарын көчөгө айдап чыгышат. Бул боюнча чара көрүш керек”,- деди Бакир уулу.
Комитет төрагасы Каныбек Иманалиев акыркы жылдары 500гө жакын кыз корей жигитине турмушка чыгып, бирок 90 пайызы ажырашып кеткенин билдирди. “Бирок ажырашып кеткенин алардын ата-энелери билбейт”, - дейт Иманалиев.