Ош шаарында бүгүн, 22-декабрда КРнын Президентинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө КРнын Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу” жарлыгын ишке ашыруу боюнча жергиликтүү активдин жыйыны өттү. Анда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы диний абалды жөнгө салуу үчүн бир топ иш-аракеттер жасалышы керектигин белгиледи. Муну мэриядан билдиришти.
“Бүгүнкү күндө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат өлкөбүздүн да, шаарыбыздын да аймагындагы коопсуздуктун учурдагы чакырыктарына, динден тышкаркы суроо-талаптарыңыздарга толук жооп бербегени себеп болууда. Ошондой эле республиканын мусулмандарынын арасындагы кырдаал өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Бул кырдаал чет элдик борборлор тараптан Кыргызстандагы белгилүү бир чөйрөлөрдү максаттуу колдоого алынгандыгынын натыйжасында татаалданууда. Айрым ислам фонддору финансылык колдоо көрсөтүп, фундаментализмдин жана экстремизмдин идеологиясын жүргүзүүдө. Тилекке каршы, Кыргызстан үчүн жаңы болгон айрым диний уюмдардын өлкөдө өзүнүн диний окууларын жайылтуусуна туш болууда. Айрыкча аны исламдын жана православиенин потенциалдуу жактоочуларынын жана адептеринин арасында жайылтуу боюнча иштер жүрүүдө. Ошондой эле тышкы факторлордун таасири менен болуп жаткан өлкөдөгү салттуу диндердин трансформациясы олуттуу чыр-чатактардын булактары болууда”,- деди А.Кадырбаев.
Анын айтымында, христиан жана иудаизм диний уюмдарынын диний курулмаларын булгоо, талкалоо, ал жерде хулигандык кылуу фактылары да орун алган. Ошол себептерден ар бир жаран улутуна карабастан, баары жапа тырмак биригип, ар кандай салттуу эмес диний агымдарга каршы туруунун жолун иштеп чыгуу зарыл.