Европа биримдиги Кыргызстанга 30 миллион евро бөлөт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бүгүн, 22-декабрда Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду, макрокаржылык гранттык жардам жөнүндө макулдашууну, насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын долбоору каралды.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, макулдашууга ылайык, Евросоюз бюджетти колдоо максатында 30 миллион евро бөлүүдө. Каражаттын 50 пайызы грант, 50 пайызы насыя болуп саналат. Евробиримдиктин каражаты эки траншка бөлүнүп, биринчи траншы келгенден кийин, экинчи траншы үч айдан соң түшүүгө тийиш. "Каржат толугу республикалык бюджетке түшүп, өлкөнүн муктаждыктарына жумшалмакчы",- деди Байгончоков. 

Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан