Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 22-декабрда ири шаарлардагы жол коопсуздугун камсыз кылуу чараларын бюджеттик жактан каржылоого багытталган мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алды.
Мыйзам долбооруна ылайык, “Коопсуз шаар” жана “Электрондук каттоо китепчеси” долбоорлорун ишке ашыруу жаатында көчөлөргө видеобайкоо жабдууларын орноткон жана аларды тейлеген компанияларды жолдо жүрүү эрежелерин бузгандардан түшкөн айып пулдан жана бюджетке түшкөн каражаттардын эсебинен каржылоо сунушу киргизилүүдө.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун билдиришинче, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча жарыяланган тендерден утуп чыккан компания түз инвестиция катары Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө видеобайкоо жабдууларын орнотуп, 10 жылга чейин өзү тейлейт, андан соң толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берет. Ошол мезгил аралыгында ал компания жолдо жүрүү эрежесин бузгандардан түшкөн айып пулдун эсебинен өз чыгымдарын чыгарып алууга тийиш.