Бүгүн, 22-декабрда Ош технологиялык университетинде энергетиктердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти.
Бул салтанаттуу иш-чара окуу жайдын энергетика факультетинин жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, буга "Ош электр" ачык акционердик коомунун, "Ош жогорку чыңалуудагы линиялар" ишканасынын, электр энергиясын сатуу тармагынын кызматкерлери, РЭСтердин жетекчиликтери, аталган факультеттин бүтүрүүчүлөрү, студенттери, окутуучулары жана жетекчилиги катышты.
Салтанаттуу жыйындын ачылышында аталган университеттин ректору, профессор Абдыкадыр Абидов бул кесиптин бүгүнкү күндө эң керектүү, Кыргызстандын келечегин аныктай турган кесип экендигин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө энергетика факультетинин алдынкы окутуучулары жана студенттери Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Андан соң факультеттин таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа көрсөтүлүп, келген конокторго майрамдык маанай тартууланды.