Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү боюнча өкмөттүн 4-ноябрдагы токтомун аткаруунун негизинде, Таш-Көмүр шаарындагы көмүрдү дүңүнөн сатуучу ЖЧК, чекене сатуучу ишкерлерлерге көмүрдүн чектик деңгээли (баасы) белгиленди. Бүгүнкү күнгө сатуучулар арасында буйруктун көчүрмөлөрү колдоруна берилип, ошондой эле мындан ары коюлган чектик баага жараша иш алып баруулары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Муну бүгүн, 22-декабрда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги билдирди.
“ГК Цзинь Лун” ЖЧКсы
№ | Көмүрдүн маркасы | баасы |
1 | ДР | 2500 сом (1 тоннасы) |
2 | ДСШ | 1400 сом (1 тоннасы) |
“Таш-Көмүр ШСУ” ЖЧКсы
№ | Көмүрдүн маркасы | баасы |
1 | ДР | 2225 сом (1 тоннасы) Эленгени 3855 сом |
2 | ДСШ | 965 сом (1 тоннасы) |