Өзбекстанда 21-декабрда өткөн парламенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 89 пайызы катышты. Мындай маалыматты тийиштүү органдарга шилтеме берүү менен аталган өлкөнүн маалымат булактары 22-декабрда жарыялашты. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзо-Улугбек Абдусаломов журналисттер менен жолугушууда буларды билдирди:
"Олий Мажилистин мыйзам чыгаруу палатасын, облустук, райондук, жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 18 миллион 400 миң шайлоочу катышты, бул жалпы добуш берүүчүлөрдүн 89 пайызын түзөт. 8311 адам мөөнөтүнөн мурда добуш берүү укугун пайдаланды. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, мыйзам чыгаруу палатасына 113 депутат шайланды".
Маалыматка таянсак, Өзбекстан либерал-демократиялык партиясы 47 мандат, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясы 28 мандат, Өзбекстан элдик-демократиялык партиясы 21 мандат жана "Адолат" социал-демократиялык партиясы 17 мандат алды.