Президент Алмазбек Атамбаев Москвага учуп барды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-декабрда Орусиянын борбору Москва шаарына иш сапары менен барды. Маалыматты президенттик аппараттан билдиришти. 

Президент иш сапарынын алкагында 23-декабрда Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышмакчы. 

Делегациянын курамы: 

Эрлан Абдылдаев - тышкы иштер министри;

Сапар Исаков – президенттин тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;

Болот Жунусов - Кыргызстандын Орусиядагы элчиси;

Асанбек Алымкожоев - КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси;

Темир Сариев - экономика министри;

Нурсулуу Ахметова - президент аппаратынын каржылык-экономикалык анализ жана мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси;

Фарид Ниязов - президенттин кеңешчиси;

Адамкул Жунусов - Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси;

Темир Жумакадыров - Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары;

Аман Мамбетсеитов - Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алдындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан