Кыргызстандын алгачкы байланыш министри Эмил Бектеновдун 80 жылдыгы белгиленди

21-декабрда эгемендүү Кыргызстандын алгачкы байланыш министри Эмил Бектеновдун 80 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев, Эмил Бектеновдун жакындары жана бирге иштеген кызматкерлери катышты. 

"Эмил Бектенов Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк телекоммуникациялар тармагына кошулганына чоң салымын кошту. Анын көмөгү менен дүйнөдөгү 128 өлкө менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн алганбыз, 22 бийик чокуда радиорелей станциялары орнотулуп, азыр да иштеп жатат. Бүгүнкү күнү уюлдук телефонду колдонуп жатканыбызга да Эмил Бектеновдун салымы зор",- деп билдирет Транспорт жана коммуникация министрлиги.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан