"Бажы биримдигине кошулууда биз стратегиялык жактан туура эле багытта кетип бара жатабыз". Муну Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутат Марат Султановго шилтеме берүү менен билдирди.
Депутаттын айтымында, тажрыйба көрсөтүп жаткандай, Орусиядагы экономикалык кыйын абал 1- 2 жылга созулат. “Андан кийин 6-7 жылдык өсүү цикли башталат. Биз дал ошол циклге чейин даяр болуп калабыз. Бизде 5 жылдык өткөөл убактыбыз бар. Ушул өткөөл убакыттын ичинде даярданып алабыз. Бажы биримдигине кирген мамлекеттер өсө баштаганда бизге жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлө баштайт”, - дейт Султанов.