Москвада бүгүн Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши жөнүндө келишимге кол коюлат

Бүгүн, 23-декабрда Москва шаарында Евразиялык экономикалык кеңештин мамлекет башчылары, анын ичинде президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өтө турган жыйынында Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

Келишимге кол коюлгандан кийин ал өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна мыйзам түрүндө киргизилип, ратификацияланууга тийиш.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндө келишим долбоору Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу боюнча иштелип чыккан эки жол картанын жыйынтыгында түзүлгөн. Анда ЕвразЭБге кирген мамлекеттердин капиталынын, товарларынын, кызмат көрсөтүүлөрүнүн, эмгек ресурстарынын эркин жүгүртүлүүсү каралган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан