Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда Дары-дармек каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын улуттук маалымат топтомун киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму өттү. Аталган фонддон 22-декабрда билдиришкендей, отурумда улуттук маалымат топтомунун эл аралык тажрыйбасын изилдөө жана киргизүүнүн концепциясын, ошондой эле маалымат топтомду жана штрих-коддорду түзүү механизмдерин иштеп чыгуу сунушталды.
"Дары-дармек каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын улуттук маалымат топтомун киргизүү бардык мекемелерге, текшерүү органдарга, бардык жарандарга электрондук системден штрих-код менен белгиленген дары-дармек каражаттардын катталышын жана сатылышын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бардык каалоочулар өндүрүп чыгуучу заводдун баасын жана фармкомпаниялардын үстөк баасын биле алышат. Улуттук маалымат топтомунун артыкчылыгы - көрсөтүлгөн медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу, медициналык жабдууларды жана дары-дармек каражаттарды тез жеткирүү, ачыктык жана туруктуулук, саламаттык сактоого кеткен чыгымдарды жөнгө салуу",- деп билдирет мекеме.