Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу 22-декабрда Москва шаарында, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун уставдык органдарынын жыйынынын алкагында өттү. Министрлер кыргыз-орус кызматташтыгындагы орчундуу маселелер, мунун ичинде Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушу боюнча пикир алышышты.