Депутаттар үлпөт тойго чыккан унаалардын санын бештен ашырбоо сунушун талкуулашууда

Парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети 23-декабрда үлпөт тойлорго чыккан автоунаалардын санын бештен ашырбоону мыйзам менен бекитүүнү талкуулап жатышат. 

Депутат Төрөбай Зулпукаров"Жергиликтүү бийлик тиешелүү токтом кабыл алган, бирок мындай чектөө аткарылбай жатат. Ошондуктан той кортежиндеги унаалардын санын мыйзам аркылуу чектөөнү киргизүүнү демилгелеп жатам",- деди.

Комитеттин мүчөсү Бактыбек Калмаматов демилгенин аткарылышын сынга алды. "Мисалы, мен кортеждин 6 же 7-унаасында отурган болсом, МАИ кызматкерлери бул унаанын кортежге тиешеси бар экендигин кантип далилдеп бере алышат? Чектөө киргизүү баш аламандыкка, коррупцияга алып келиши мүмкүн. Көбүнчө мындай көрүнүш Ош шаарында орун алат. Бир кортежде 20га чейин унаа чыгып жаткандыгы элге белгилүү. Бирок чектөө, тыюу салуу менен бул демилге ишке ашпайт. Ошондуктан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү туура",- деди Калмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан