Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 22-декабрда орусиялык телеканалдардын бирине маек берди. Анда өлкө башчы Орусиянын Канттагы авиабазасы кантип ачылып калганын эске салды.
"Биздин өлкөдө 90-жылдары согушчандардын кол салуусу болгон. Ошол кездеги президент Акаевдин (ред. Аскар Акаев) өтүнүчү менен Орусия Кант шаарына аскердик базасын ачкан. Мындай коркунучтар биротоло жоголуп кеткен жок, балким, тескерисинче, бекемделди. Бүгүнкү күндө Ооганстанда, Пакистанда кандай мыкаачылык кылмыштар болуп жатканын көрүүдөбүз. Жакында эле жүздөн ашык мектеп окуучусунун өмүрүн алган окуя катталды. Мындай шартта ЖККУга мүчө болуу Кыргызстанга оң натыйжасын гана берет",- деди Алмазбек Атамбаев.