Парламенттеги Социалдык саясат боюнча комитети жаштар министри кызматына Айбек Азыранкуловду жактырды

Парламенттеги Социалдык саясат боюнча комитети эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына Айбек Азыранкуловдун талапкерлигин жактырып, парламенттин кароосуна жиберди. Мындай чечим комитеттин 23-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Анын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдоого алышты. Ал аталган кызматка парламенттеги КСДП фракциясы тарабынан сунушталууда. 

Айта кетсек, Айбек Азыранкулов буга чейин Чүй облусунун губернатору болуп иштеген. 

Туулган жылы - 1979-жыл, 10-январь.

Туулган жери - Чүй облусу, Панфилов району, Чалдыбар айылы.

Билими - жогорку, Бишкек гуманитардык университети, психолог. 

Улуту - кыргыз.

Билген тилдери - кыргыз, орус. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан