Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети вице-премьер-министрлик кызматка Дамира Ниязалиеванын талапкерлигин жактырды. Анын талапкерлиги парламенттин жалпы кароосуна чыгарылат. Д.Ниязалиева буга чейин парламенттин аталган комитетин жетектеп келгени белгилүү.
Айта кетсек, буга чейин вице-премьерлик кызматты Эльвира Сариева аркалап келген. Жакында Сариева билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.