Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушу - негиздүү кадам"

"Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши - логикалуу жана негиздүү кадам, өлкөнүн мындан башка татыктуу жолу жок". Муну мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 22-декабрда орусиялык телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди. Президент биримдикке кошулуу ишенимдүү жол экенин белгилеп: 
"Анткени Орусия менен Казакстан - Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү. Товар жүгүртүүнүн 40 пайыздан ашыгы аталган өлкөлөргө туура келет. Өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө зарыл. Биримдикке кошулууга каршы чыккандар учурда ар түрдүү кептерди таратышууда. Реэкспорт токтойт, иш орундары кыскарат жана башка дешип... Чынында, реэкспорттук чектөө буга чейин эле башталган, биз союзга кирбеген учурда деле чектөө токтобойт",- деп билдирди. 
Алмазбек Атамбаев Бажы союзу өзүнүн оң натыйжасын сөзсүз берерин кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан