Жарандарды чет өлкөгө ээрчитип барып, сатып жибергендерге 100 миң сомго чейин айып салуу сунушталды

Кыргызстандык жарандарды чет өлкөгө алдап ээрчитип барып, сатып жибергендерге 100 миң сомго чейин айып салынат. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 23-декабрдагы жыйынында 1-окууда каралды. 

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлүнүн айтымында, бул мыйзам долбоору мигранттардын укуктарын коргоо максатында иштелип чыкты. “Жарандарды чет өлкөлөргө уруксаты жок ишке орноштурууга алып барып, анын эсебинен пайдалангандар көп. Ошондуктан биз буга бөгөт коюшубуз керек. Адамдарды сыртка алып барып саткан жеке жактарга 10 миң сомдон 20 миңге чейин, юридикалык жактарга 20 миңден 50 миңге, кызмат адамдарына 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салууну киргизип жатабыз. Буга чейин Орусияда жана башка мамлекеттерге иштегени барып, алданып калгандар тарабынан 200 кайрылуу, 900 телефон чалуу катталган”,- деди министрликтин өкүлү.

Мыйзам долбоорун комитет мүчөлөрү 1-окууда жактырып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан