Кыргызстандагы иммигранттардын 70 пайызы Кытайдын жарандары

Кыргызстанда иштеген иммигранттардын 70 пайызы Кытайдын жарандары. Муну эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаев парламенттин Социалдык саясат комитетинин 23-декабрдагы отурумунда билдирди. Анын билдиришинче, өлкөдөгү иммигранттардын так саны белгисиз. “Кыргызстан жылына сырттан келип иштейм деген 12 миң адамга уруксат берет. Бирок азырынча канча чет өлкөлүк жаран бар экени белгисиз. Анткени биздин барып текшерүүгө акыбыз жок. Иммигранттар менен иштеген 11 фирма бар, ошолор иш алып барууда”,- деди Бекмурзаев.  

Депутат Өмүрбек Текебаев сырттан келип иштеп жаткандарга мамлекетке тапкан каражатынын 20 пайызын төктүрүүнү сунуш кылды. “Кыргызстандан иш таппай биздин жаштар сыртка чыгып кетип жатышса, чет өлкөлүктөр бизде иштеп жатышат. Бирок алардын эсебинен мамлекетке канчалык салык түшүп жатканы белгисиз”,- деди Текебаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан