Депутат Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Муну 23-декабрда SUPER.KG`ге депутаттын адвокаты Нургазы Сыдыков билдирди. 
"Тергөөчү мага материалдар сотко өткөрүлүп берилерин, тергөө иши аяктап калганын айтты. Операциядан кийинки абалы оорчулук жараткандыктан, депутат кайрадан ооруканага жатууга аргасыз болду. Бир да жолу тергөөчүгө көрсөтмө берген жок. Бирок мурда алдын ала иликтөөлөрдө айрым көрсөтмөлөрдү берген, таптакыр көрсөтмө берген жок деген туура эмес",- деди Сыдыков. 
Эскерте кетсек, депутат Урмат Аманбаевага ноябрь айында операция жасалып, жоон ичегисинин бир бөлүгү кесилген болчу. 
Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан