Баткен облусундагы автоунаага май куюучу айрым жайларда бензиндин баалары Кыргызстандын эмес, Тажикстандын акча бирдиги менен жазылганы аныкталды. Муну өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги 22-декабрда билдирди.
Аталган агенттикке Лейлек районунун акиминин орун басарынан кат келип, кайрылууда Жаңы-Жер айылындагы жеке май куюучу жайлардын (АЗС) ээлерине чара көрүү өтүнүчү айтылган. Май куюучу жайлар Кыргызстандын аймагында жайгашканына, ээлери Кыргызстандын жарандары болгонуна карабай бензин баалары сом менен эмес, тажик валютасы самони менен жазылганы белгиленген.
"Агенттиктин аймактагы башкармалыгы атайын текшерүү жүргүзүп, айтылган маалымат тастыкталган. Факт боюнча акт түзүлүп, май куюучу жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан кийин баалар кыргыз сому менен жазылды",- деп билдирет мекеме.