Сириядагы согушка катышканы үчүн айыпталган Кыргызстандын 3 жараны аталган өлкөдө түрмөдө отурат. Бул тууралуу 23-декабрда депутат Майрамбек Расулов ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында билдирди. Депутат акыркы күндөрү мигранттардын санынын көбөйүп жатышын Сириядагы кырдаалга байланыштырды.
"Мендеги маалыматтар боюнча, биздин 500 жараныбыз согушка катышуу үчүн Сирияга кеткен. Учурда ал жакка эркектер гана эмес, кош бойлуу айымдар да кетип жатышат. 3 жараныбыз ал жакта түрмөдө, алар өлүм жазасына тартылышмакчы",- деди депутат.
Расулов бул кырдаал боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин кошумчалады.