Социалдык фонд жарандардын жеке идентификациялык номурларын берүү укугун Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп берүүдө. Бүгүн, 23-декабрда Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова жолугушуп, маселени талкуулашты. Функциянын башка органга берилишинин максаты кош жеке идентификациялык номурларды берүүнүн алдын алуу экени айтылды. Орган жетекчилери биргелешкен буйрук чыгаруу менен мекемелер ортосунда жумушчу топ түзүү чечимине келишти.