“КСДП фракциясы эч качан бөлүнбөйт",- деп билдирди фракция лидери Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 23-декабрдагы отурумунда. Парламентте бөлүнүп-жарылбаган жалгыз КСДП фракциясы экенин кошумчалады депутат.
“КСДП фракциясын канчага бөлсө болот?” деп теорияларын айтып жүргөн саясатчыларды билем. Албетте, алар көрө албастык кылып жатышат. Биз парламенттеги бөлүнүүгө барбаган жалгыз фракциябыз”,- деди Турсунбеков.