Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде 22 документке кол коюлду

Бүгүн, 23-декабрда Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги саммитинде 22 документке кол коюлду. Маалыматты Орусия президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Кол коюлган документтердин ичинде "ЖККУнун Башкы катчылыгынын жылдык отчёту жөнүндө" ЖККУнун чечими, "ЖККУнун жамааттык авиация күчтөрү жөнүндө" ЖККУнун чечими жана башкалар бар. 
Айта кетсек, аталган саммитке Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Беларусь жана Армениянын президенттери жана ЖККУнун башкы катчысы катышты.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан