Бишкек шаардык соту Нариман Түлеевди 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 23-декабрда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев жана мэриянын мурунку бир катар кызматкерлери боюнча өкүм чыгарды. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды, өзгөрүү болгон жок. Эскерте кетсек, Н.Түлеевди былтыр 29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту 11 жылга эркинен ажыраткан эле. Анын үй мүлкү конфискацияланган жана анын СИЗОдо отурган бир күнү эки күн катары эсептелери айтылган. Ошондой эле экс-мэрдин 3 жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганы белгилүү. 

Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталууда. Ал 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган болчу.

Нариман Түлеев менен кошо айыпталып жаткандар боюнча да биринчи инстанциянын чечими өзгөрүүсүз калтырылды. Бишкек мэриясынын мурунку кызматкерлеринин алдын 13 жылга, артын 5 жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан. "Кытайдан автобустарды алып келүүдө ири суммадагы акчаны мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган” деп айыпталган "Тазалык" ишканасын убактылуу жетектеп турган Бакыт Сыдыков 5 жылга, Бишкек мэриясынын Автоунаа ишканасынын экс-директору Медет Кожобергенов 13 жылга, мурунку вице-мэр Валерий Корниенко 10 жылга, Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилери Руслан Бейшенбаев 10 жылга жана Билимбек Токтобеков 10 жылга эркинен ажыратылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан