“Эгерде биз биргелешип, ынтымактуу болуп, бири-бирибизге жардам берсек, өлкөлөрүбүз ушул татаал мезгилди жеңилирээк басып өтөрүнө ишенем”,- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчы бул тууралуу 23-декабрда Москва шаарында Евразиялык экономикалык союзга Кыргызстандын кошулушу тууралуу келишимге кол коюу учурунда айтты.
Атамбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушунун ачык жана адилеттүү параметрлери аныкталгандыгын белгиледи. “Кыргызстан үчүн бирдиктүү бажы тарифине өтүүдө эсептөөнүн өлчөмү, келишимдин күчүнө кирүү мөөнөттөрү, бирдиктүү бажы тарифинин колдонулушунун жана кыргыз-казакстандык чек арада бажы көзөмөлүн алып салуунун даталары аныкталды”,- деди мамлекет башчы.
Президент Кыргызстан оор жылдарды баштан кечиргендигин белгиледи. “Биз тынчтыктын, ынтымактын баасын жакшы билебиз, ошондуктан биз терең ойлонуп, интеграциянын, жакшы коңшулаштыктын жана достуктун жолун тандап алып жатабыз”,- деди Атамбаев.
Өз кезегинде мамлекет башчылары улуттук мыйзамдарын Евразиялык экономикалык союздун укуктук базасына шайкеш келтирүү боюнча Кыргызстан чоң иш аткаргандыгын белгилешти.