Евразиялык экономикалык союз 2015-жылы евразиялык интеграциянын жаңы этабынын башталышы катары тарыхка кирет. Муну 23-декабрда Москва шаарында өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдирди. Келишим 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирерин айткан президент: "Тарыхта биринчи жолу Евразия алкагында кубаттуу табигый потенциалы бар биримдик түзүлүүдө. ЕАЭС карапайым жарандар жана алардын кызыкчылыктары үчүн түзүлдү. Кеңири аймакта 180 миллиондой жаран бизнесте, эркин соода жүгүртүүдө, иш менен камсыздалууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү алышат. Биз өлкөлөр аралык ишенимди бекемдейбиз",- деп билдирди.
Айта кетсек, Евразиялык экономикалык биримдикке Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армения мүчө болду.