Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин 23-декабрда Москва шаарында жолугушту. Жолугушуу Евразиялык экономикалык союзга Кыргызстандын кошулушу тууралуу келишимге кол коюу иш-чарасынын алкагында өттү. Президенттик аппараттан билдиргендей, Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга кошулушу боюнча куттуктап, эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз кылды.
Кыргызстандын президенти: “Биз көп убакытты, нервди бекеринен короткон жокпуз. Биз бирге болушубуз керек деп эсептейбиз”,- деп билдирди.