Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында депутаттар мамлекеттик гимндин 2 куплетин алып коюуну сунушташты

Бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 17-сессиясы мамлекеттик гимн менен башталды. Гимн аяктаган соң депутаттар тиешелүү токтомго таянып, анын 2 куплетин угузбоо керек экендигин айтышты.
Буга аталган кеңештин башчысы Марат Аманкулов: "Өкмөт аппараты тарабынан гимнди толук угузуу боюнча кат түшкөн. Кийинки сессияда муну караштырабыз",- деп жооп кайтарды. 
Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө катышуучулар буга чейинки сессиядан бүгүнкү сессияга чейинки мезгилдин аралыгында туулган күнүн белгилеген депутаттарды куттукташты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан