Александр Лукашенко: "Кааласам дагы президент болом, Лукашенкону кимдир бирөө өзгөртө албайт"

Беларусь президенти Александр Лукашенко кийинки президенттик шайлоого катышууга даяр экенин билдирди. Москвада 23-декабрда өткөн маалымат жыйында мамлекет башчы буларды айткан: 
"Лукашенко кимдир бирөө тарабынан өзгөртүлө турган адам эмес, мени беларусь эли гана өзгөртө алат. Бүткүл дүйнө Лукашенкого каршы чыккан күндө да, эгер ал кааласа, баары бир президент болот".
Лукашенко саясий карьерасы аяктагандан кийин эмне кылары тууралуу журналисттерге маалымат берди. "Эгер ден соолугум жайында болсо, окутуучу болом жана чын дилден иштеп берем",- дейт президент.  
Айта кетсек, А.Лукашенко президенттик кызматта 1994-жылдан бери иштеп келет. Мурда өлкө президенти 2 мөөнөткө гана шайланса, 2004-жылы референдум аркылуу Беларусь президентин чектөөсүз мөөнөткө өлкөнү башкаруусуна уруксат берилген.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан