Бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги 17-сессиясы аяктады. Иш-чара саат 9:30 чамасында башталып, 10:20да жабык деп жарыяланды.
Жыйынтыгында Бишкек шаарынын жергиликтүү шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо үчүн талапкерлердин тизмеси түзүлдү. Мындан тышкары Туңгуч кичи районундагы жер тилкелери менен 135 батирлүү №17/2 турак үйүн жана 90 батирлүү №36/2 турак үйүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине киргизүү боюнча токтом кабыл алынды.
Депутаттардын айтымдарында, бул сессия Бишкек шаардык кеңешинин тарыхындагы эң кыска жыйын деп аталды.