Кош жарандыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салуу сунушталууда

Бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” жана башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 3-окууда каралды. 

Талкууда чет жерге иштөөгө чыгып кетип, ал жердин жарандыгын алган жарандардын Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарына иштөөсүнө тыюу салууга айрым депутаттар каршы чыгышты. Депутат Кожобек Рыспаев: "Кош жарандыгы барлар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга иштөө үчүн Кыргызстанга келсе, башка өлкөнүн жарандыгынан чыгып, биздин жарандыкты алып иштей берсе болот",- деп билдирди.  

Башка мыйзам долбоорунда жер тилкелерин убактылуу пайдалануунун жаңы мөөнөттөрүн белгилөө жагы каралууда. Талкууда кайрак жерлерди 20 жылга чейин ижарага берүү калтырылары такталды. Ал эми айыл чарба багытындагы жерлер Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунан 5 жылга ижарага берилмекчи. Бул мөөнөт бүткөндөн кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер тилкесин пайдалануунун мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

Соңунда мыйзам долбоорлору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан