Кыргызстан менен Соломон аралдарынын мамилеси бекемделүүдө

Кыргызстан менен Соломон аралдарынын ортосундагы дипломатиялык мамиленин түзүлүшү жөнүндө биргелешкен маалыматка (коммюнике) 22-декабрда Нью-Йоркто кол коюлду. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, аталган документте "Кыргызстан менен Соломон аралдары Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алуу менен эки өлкө ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү, кызматташтыкты жана достукту бекемдөө жана өнүктүрүүнү каалап, дипломатиялык мамиле түзүү чечимине келди" деп белгиленет.
Документке кол коюлгандан кийин эки өлкөнүн туруктуу өкүлдөрү Т.Кыдыров менен К.Бек түзүлгөн дипломатиялык мамиле БУУнун алкагында өлкөлөрдүн мамилесин чыңдоого мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан