Чакан кендерди иштетүүгө жеке жактарды өнөктөш катары тартууга багытталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 24-декабрда 1-окууда талкуулап, добуш берүүгө жиберди. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, иштеп жаткан мыйзамда минералдык ресурстарды иштетүүдөгү мамлекет менен жеке жактардын өнөктөштүгү чыгарылып салынган. Азыр жеке ишкерлерге лицензия берип, мамлекеттин өнөктөшү катары майда кендерди иштетүүгө катышуусуна жол ачуу демилгеси сунушталууда.
"Башкасын айтпаганда да, өлкө аймагында үч жүздөн ашуун чакан алтын кени бар. Эгерде жеке ишкерлер мамлекеттин өнөктөшү катары чакан кендерди иштетүүгө тартылса, жылына 7-9 тоннага чейин кошумча алтын өндүрүлүп, бюджетке ири каражаттын түшүүсү күтүлөт",- дейт депутат.
Мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.