Бөдөш Мамырова байытылган унду Кыргызстанга кенен жайылтууга каршы

Жогорку Кеңеште 24-декабрда Кыргызстанга байытылган унду кенен жайылтууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда талкууланууда. Депутат Бөдөш Мамырова сунушка каршы чыкты. “Байытылбаган ун ден соолукка зыян деп жатасыздар. Бирок биз буга чейин байтылбаган эле унду жеп жашадык. Эми зыян болуп калдыбы? Бул жөн гана чет элдик уюмдардын долбоорлору”,- деди Мамырова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы байытылбаган ун кош бойлуу аялдардын ден соолугуна зыян экенин айтты.

Мыйзам долбоорунун максаты - калктын байытылган унга жетишин кеңейтүү жана байытылган унду өндүрүүгө, өлкөгө алып келүүгө жана сатып өткөрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан