Каржы министрлиги менен Эсептөө палатасынын өкүлдөрү мекемелер аралык кызматташтыкты талкуулады

Каржы министрлиги Эсептөө палатасы менен биргеликте 2015-жылга “Каржы министрлиги менен Эсептөө палатасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө” макулдашууну ишке ашыруу планын иштеп чыгууда. Муну 24-декабрда аталган министрликтен билдиришти.  

Бүгүн аталган палатанын аппарат жетекчиси С.Кылжыев менен Каржы министрлигинин Окуу борборунун директору Ж.Нурматова жолугушуп, аталган маселени талкуулашты.

Жолугушууда эки тараптын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлгүн жакшырта турган ички, тышкы аудит жана өз ара кызматташуу органдарынын аракеттерин топтоонун маанилүү экендиги белгиленди.

Иш-чаралар планынын долбоорунда ички аудит объекттериндеги аудитти пландоо, Эсептөө палатасынын адистери тарабынан аудит жүргүзүүдө ички аудит кызматтары тарабынан даярдалган отчётторду пайдалануу, методологиялык ишти координациялоо жана Эсептөө палатасы менен Каржы министрлигинин адистеринин потенциалын жогорулатуу маселелери боюнча иш-чараларды аткаруу каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан