“Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңеште 2-окууда каралды. Демилгечилер адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75 пайызы дандан алынарын айтышып, данды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементтердин 80 пайызы улпакка чыгып кетерин билдиришти. Нан унун байытуу аркылуу эне менен баланын ден соолугундагы темир жетишсиздиги жоюлат.
Мындан сырткары жогорку жана 1-сорттогу ундар сөзсүз түрдө премикс каражаты менен байытылышы милдеттендирилип жатканы, бул ири ун комбинаттарына тиешелүү экени айтылды.
Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.