Депутаттар "жер үлүшүн иштетпеген жарандарга кийин пенсия берилбеши керек" дешти

"Жер үлүшүн иштетпеген жарандарга кийин пенсия берилбеши керек". Муну депутат Курмантай Абдиев 23-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты. Анын билдиришинче, жалкоолор мамлекеттен берилген жер үлүштү иштетпей жатышат. “Мамлекет убагында жер үлүштөрдү туура эмес бөлүштүрүптүр. Мисалы, Ош облусунда ар бир кишиге 4-5 сотыхтан берилсе, Ысык-Көл облусунда 1-2 гектардан бөлүнүп калган. Бирок көпчүлүгү иштетпей, жерлерди чөп басып жатат. Ошондуктан иштетпегендердин жерин тартып алыш керек же андай жарандарга пенсия берилбеши керек”,- деди Абдиев.

Социалдык фонддун төрагасы Мухаметкалый Абылгазиев депутаттын айткандарына кошуларын билдирди. “Биз деле иштетпегендердин жерин мамлекетке кайтарууну суранып жатабыз. Бирок иштетебиз деп коюп эле чөп бастырып калтырып коюшууда”,- деди Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан