Жалал-Абад. Мектеп окуучулары Жаңы жыл майрамын белгилешүүдө

Бүгүн, 24-декабрда Жалал-Абад шаарындагы №5-мектепте окуучулар үчүн “Балаты-2015” майрамы уюштурулуп, кызыктуу шоу-программалар менен коштолду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Социалдык иштер боюнча вице-мэр Турдалы Темирбаевдин айтымында, “Балаты-2015” майрамына 500 балага чакыруу кагазы берилип, бүгүнкү кечеге 220 бала катышып, аларга белектер берилди. 

Ал эми калган балдар үчүн Барпы театрында 25-декабрда жаңы жылдык кече уюштурулмакчы.

“Маданият бөлүмү аркылуу шаардык бюджеттин эсебинен шаарга быйылкы Жаңы жыл майрамын өткөрүүгө 438 миң сом бөлүнүп, белектер даярдалды”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан