Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы Өзбекстан Республикасынын парламенттик шайлоосуна байкоочу болуп катышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда аталган комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов жана атайын өкүлү кирген делегация 2014-жылдын 19-декабрынан 21-декабрына чейин Өзбекстанда Олий Мажилисинин (парламент) Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарын шайлоого байкоочу катары катышып келишти. Алар Өзбекстандын БШКсынын төрагасы Мирзо-Улугбек Абдусаломов тарабынан 2014-жылдын 21-декабрындагы шайлоонун жүрүшүнө жана уюштуруусуна эл аралык байкоочу катары катышуу үчүн чакырылган.
Т.Абдраимовдун пикири боюнча, Өзбекстандагы парламенттик шайлоого эл жигердүү катышкан жана шайлоо ийгиликтүү өткөн. "Өзбекстандын БШКсы, республиканын Конституциясы жана шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоону өткөрүүдө жогорку даярдыкты жана уюштуруучулукту көрсөтүштү",- деди ал.
Айта кетсек, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин Мыйзам чыгаруу палатасына Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы, Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясы, Өзбекстандын демократиялык “Миллий тикланиш” партиясы жана “Адолат” социал-демократиялык партиясы катышкан. Олий Мажилис Мыйзам чыгаруу палатасын түзгөн 135 орунга 535 талапкер өз талапкерлигин көрсөткөн.