Пенсиялык системди реформалоого багытталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

Жогорку Кеңеш 24-декабрда “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап, 2-окууда добуш берүүгө жөнөттү. Социалдык фонддун төрагасы Мухаметкалый Абылгазиевдин айтымында, мыйзам долбоору элет жериндеги өндүрүүчүлөр, ишкерлердин пенсиялык камсыздандыруу деңгээлин көтөрүүгө, жарандардын кесип өзгөчөлүгүнө карабастан, бардык жактар үчүн бирдей камсыздандыруу принцибин түзүүгө багытталган.

“Бул документте камсыздандыруу төгүмү белгиленген чен аркылуу эмес, мурунку жылы өлкөнүн райондору менен шаарларындагы орточо эмгек акыга жараша жүргүзүү тартиби каралган. Дыйкан чарбаларынын башчылары жана алардын үй-бүлөсү үчүн 2015-жылдын 1-январынан тарта алардын жер үлүшүнө жараша камсыздандыруу төгүмүнүн тариф ченин белгилөө чарасы каралууда”,- деди Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан