Башкы прокуратура каржы министри Ольга Лаврованы суракка чакырды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин депутаттары прокуратурага сурак берүүгө чакырылууда. Муну депутат Равшан Жээнбеков 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, өкмөт “Ак-Кеме” мейманканасынын карызын төлөө үчүн түркиялык компаниялардын бирине 11 миллион долларды депутаттардын уруксаты жок которуп жиберген. 

Башка депутаттар каржы министри Ольга Лаврова аталган маселени кароону комитетке сунуштаганда, депутаттар аны кайра карап чыгууну сунушташканын билдиришти.

Каржы министри Ольга Лаврова прокуратура эртең сурак берүүгө чакырганын айтты. “Азырынча көрсөтмө бере элекмин, эртең сурак берем. Бирок түркиялык компанияга эч кандай каражат которулган эмес”,- деди Лаврова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан