Жогорку Кеңеш 24-декабрда социалдык блок боюнча вице-премьер-министрликке
Дамира Ниязалиеваны шайлады. Анын талапкерлигине 80 депутат “макул” деп добуш берди. Жыйында депутаттар Ниязалиевага бир катар сунуштарды берип, ага ийгилик каалашты. Спикер
Асылбек Жээнбеков: "Сизди жооптуу кызматка шайладык, мамлекет үчүн жемиштүү кызмат кылыңыз",- деди.
Айта кетсек, Ниязалиева 2010-жылы Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан депутат болуп шайланган. Парламенттеги Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы болуп иштеп келген.
Буга чейин вице-премьерликти аркалап келген Эльвира Сариева жакында билим берүү жана илим министри болуп шайланган.