Жаңы жылдын астында Бишкек шаарындагы "Коломто" кайрымдуулук үйүндө туруктуу жашоочу жайлары жок адамдарга социалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында 166 адамга жардам көрсөтүлдү. Алар медициналык кароодон өтүп, ысык тамак-аш, кийим менен камсыздалышты. Андан соң юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары алардын манжа издери алынып, маалымат базага киргизилди.
Иш-чара Улуттук Кызыл Жарым Ай коому, Бишкектеги жана Кыргызстандагы орус православ чиркөөсүнүн епархиясы жана "Жашоо фонтаны" уюмунун колдоосу менен Биринчи Май райондук администрациясы жана райондук ИИБи менен биргеликте өткөрүлдү.